Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

Казак президенти Батыш өлкөлөрүн сындады


Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Батыш өлкөлөрү “Батыш баалулуктарын” калган дүйнөгө таңуулоого аракеттенип атат деп сындады. “Россия-24” телеканалына берген интервьюда Назарбаев кээ бир өлкөлөрдөгү “ички саясий процесстерге таасир этүү үчүн заманбап медиаларды колдонуу – ошол өлкөлөрдүн коопсуздугуна кооп жаратууда” деди.

“АКШ пропагандалаган Батыш маданиятын алып туруп эле менталитети, тарыхы, үрп-адаттары айырмаланган башка өлкөлөргө көчүрө албайсың”, - деди казак президенти. Анын айтымында, өткөн жылы ыңкылап болгон айрым араб өлкөлөрүнүн экономикалары 15 жылга артка чегинди. Назарбаев ошондой эле ал өлкөлөрдө бийликке шариятты жактаган өкмөттөр келиши мүмкүн деген кооптонуусун ортого салды.

XS
SM
MD
LG