Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Ата Журт” фракциясы өкмөттүн жүз күндүк ишин канааттандыраарлык эмес деп тапты. Бул тууралуу фракция лидери Камчыбек Ташиев 26-апрелде парламенттин жыйынында билдирди. Премьер-министр Өмүрбек Бабановдун бюджет боюнча айткандарын, күйүүчү май аткезчилигин тыя албаганын сынга алды. Бабанов мындай дооматтарды четке какты. Соңунда парламент көпчүлүк добуш менен өкмөттүн иши канааттандыраарлык деп бааланды. (EBM)