Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:14

Ош: Күч кызматкерлери үйлүү болушту


Бүгүн Ошто күч кызматкерлерине үй берилди. Төрт кабаттуу үч үйдөгү 120 батир күч түзүмдөрүндө көптөн бери иштеп үйсүз жүргөндөргө, көп балалуу кызматкерлерге берилгенин кабарчыбыз маалымдайт. 74 батир милиция кызматкерлерине, калгандары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жана прокуратуранын кызматкерлерине тийди. Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция "Манас Ата" кичи районундагы бул үйлөрдүн курулушун эки жыл мурда баштаган. (RK)

XS
SM
MD
LG