Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Бишкекте “Тойотанын” өкүлчүлүгү иштей баштады


Машина чыгаруу боюнча дүйнөдөгү алдыңкы компаниялардын бири “Тойота Моторс” корпорациясынын Бишкектеги алгачкы дилердик борбору иштей баштады. Борбор таркаткан маалыматка ылайык, жаңы ачылган автосалондун аянты 2170 чарчы метрди түздү. Бул жерде автоунаа сатыкка коюлуп, тейлөө кызматтары, эс алуу жайы жана компаниянын кеңсеси жайгашмакчы. Бишкектеги өкүлчүлүктө кыргызстандык жарандар иштеп, аларды Европа, Жапония жана Казакстандан келген адистер окутуп, үйрөтүшөт. Жылына 5,5 миллион машина чыгарган жапондук ири компаниянын Казакстандагы өкүлчүлүгү эки жыл мурда ачылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG