Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:02

Аксыда сел бир көпүрөнү агызып кетти


Жалал-Абад облусунун айрым айылдарында кечээ катуу жаан жаап, сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун билдиргенине караганда, учурда суу каптаган үйлөр, жолдор тазаланып жатат.

Сел Сузак айылдык аймагындагы Дөш, Жаңы-Дыйкан, Садда, Достук айылдарын каптаганы айтылууда. Мындан сырткары Топурак-Бел ашуусунун Беш-Капа чегинде селдин кесепетинен Бишкек – Ош унаа жолунун 561-чакырымы жабылып, саат 22:50дө суу азайганда жол каттамы кайра ачылган.

Аксынын Кашка-Суу айылдык аймагында катуу жааган жаандын кесепетинен Кара-Дөбө айылында сел жүрүп, 103 турак үйдүн кошумча курулуштарын жана жер тилкелерин каптаган, ошондой эле райондун борбору менен байланыштыруучу бир көпүрөнү сел суусу агызып кетип, жол каттамы токтоп калган.

Мындан сырткары Кара-Дөбө, Сөгөт айылдарын байланыштыруучу ички чарбалык унаа жолунун 300 метр аралыгын сел жууп кетти.

Өткөн аптанын ортосунан бери облустун Базар-Коргон, Сузак жана Ноокен райондорун сел каптап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG