Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:21

АКШ “Аль-Каидачылардын” документтерин жарыялайт


АКШ Пакистан борборунун четинде жашырынган “Аль-Каиданын” лидери Усама Бин Ладендин үйүнөн табылган айрым документтердин бөлүгүн жакынкы күндөрү жарыя кылат. Президент Барак Обаманын террорчулук менен күрөшүү боюнча жардамчысы Жон Бреннандын билдиришинче, материалдар Уэст-Пойнтедеги АКШнын аскердик академиясынын алдындагы террорчулука каршы күрөшүү борборунун сайтына чыгат. Бреннандын айтымында, документтерде бин Ладен террорчул топторду Пакистандан качып, башка аймактан баш калка табууга аракет кылгыла деп чакырган. Бин Ладен “Аль-Каиданын” жеңилишин билген дейт Бреннан.

Усама бин Ладен өткөн жылдын 2-майында Исламабаддын четинде жашырынган жеринен америкалык атайын даярдыктагы аскерлердин операциясы учурунда мерт болгон.

XS
SM
MD
LG