Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:32

АКШ элчиси эркин басмаканага барат


АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен Бишкектеги эркин басмаканага барып анын иши менен таанышат. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматынан кабарлашты. Аталган басмакананы "ММК колдоо борбору" иштетет. Көптөгөн гезиттер ошол жерден басылып чыгат. Басмакана 2003-жылы АКШ өкмөтүнүн жардамы менен эркин гезиттерди колдоо максатында ачылган. Элчи ал жерге 2-майда барганы жатат. Анын катышуусу менен 3-май - Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө арналган иш-чаралар өтмөй болууда. (RK)
XS
SM
MD
LG