Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:24

Израилдин Коргоо министри Иран боюнча “баардык мүмкүнчүлүктү караштырыш керек” деди


Израилдин коргоо министри Эхуд Барак
Израилдин коргоо министри Эхуд Барак
Кечээ кечинде Иерусалимде чет өлкөлүк журналисттердин Израил Иранга кол салышы канчалык мүмкүн экени тууралуу суроолоруна жооп берип жатып, министр Эхуд Барак: “Иран ядролук куралга жетишпеши үчүн болгон мүмкүнчүлүктүн баарын эске алыш керек”, - деди. Ирандын өзөктүк программасы боюнча жакында эле кайра башталган көп тараптуу сүйлөшүүлөргө токтолуп, ал мындан жыйынтык болооруна анча ишенбей турганын, “Израиль кайрадан эле алдандыда калууга жол бербесин” айтты. “Иран өзөктүк куралга жетишишине аз эле калды”, - деди министр.

Ирандын лидерлери Израилди жок кылуу боюнча мезгил-мезгили менен түрдүү билдирүүлөрдү жасап калышат. Ошондуктан Израиль өзүнө негизги коркунучту Ирандан көрөт.

XS
SM
MD
LG