Кыргызстанда 2010-жыл апрел-июн окуяларынан кийинки адам укуктарынын абалы БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин Женевадагы 20-сессиясында талкууланат. Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси, БУУнун Женевадагы өкүлчүлүгүндөгү Кыргызстандын туруктуу өкүлү Гүлнара Искакованын “Азаттыкка” билдиришинче, июн айында өтө турган жыйында БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары маалымат берет. Анын баяндамасына ылайык, кандайдыр бир резолюция кабыл алынып калышы мүмкүн.
БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши апрел-июн окуяларынан кийин эки резолюция кабыл алган. 2010-жылы кандуу калаабанын күнөөкөрлөрүн табууга чакырып, 2011-жылы коога боюнча соттук жараяндарды адилет териштирүүгө үндөгөн. (KKs)