Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:09

3-майга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
2-6-майда республиканын тоо этектеринде нөшөр жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт жана ойдуң жерлерде суу капташы мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

2-майдан 4-майга чейин жаан-чачынга жана абанын жогорку температурада болушуна байланыштуу Бишкек - Ош тоолуу автожолунда (121-137-чакырымдарында, 198-265-чакырымдарында) кар көчкү коркунучу сакталат. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жолго чыккан унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо керек.

Аба ырайы
3-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар түшөт, айрым жерлерде катуу жаайт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 16...21,
Талас облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 15...20,
Баткенде түнкүсүн 5...10 күндүз 15..20 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7...12, күндүз 16...21,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 4...9 градус, күндүз 12...17
Нарында түнкүсүн 4...9, күндүз 12..17,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3..+2, күндүз 5...10,
Тоолордо түнкүсүн -2...-7, ал эми күндүз -2..+3 болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8...10, күндүз 17...19 градус болот.

XS
SM
MD
LG