Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:42

Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнү белгиленет


Бүгүн Бишкектеги Журналисттер аллеясында Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата иш чара өтөт. “Журналисттер” коомдук бирикмеси билдиргендей, сөз эркиндиги боюнча республикалык сынактардын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат. Ошондой эле ачык асман алдында сынакка катышкан эмгектердин көргөзмөсү уюштурулат. Салтанаттуу иш чарага баардык журналисттер, ЖМК жетекчилери, медиа уюмдардын, пресс кызматтардын өкүлдөрү чакырылган.

Иш чара “Журналисттер” коомдук бирикмеси, Сөз эркиндигин коргоо боюнча эл аралык ассоциация (IFEX) жана «Internews Network» уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, “Азаттык Медиа” жана бир катар республикалык медиа уюмдардын көмөгү менен өткөрүлүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG