Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:56

Аскер окуу жайынын мурдагы курсанттары айыпталууда


Аталган окуу жайдын жогорку курсунун курсанттары жаңы келгендерди кордоп, ыплас сөздөр менен ур-соккуга алып жаткан учуру тартылган видео 18-апрелде интернет аркылуу тарап кеткен болчу. Анда үчүнчү курстун курсанттары жаңы келгендерди жатаар маалда катарга тизип, башка-көзгө койгулап, жаткырып, тургузуп, жондорунан тебелеп, каалагандай зомбулук көрсөтүп жатканы тартылган.

Аскер соту окуя боюнча окуу жайдын эки лейтенантын камоо жана бирөөсүн командачылыктын көзөмөлүнө тапшыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Башкы проуратура кабарлады. Учурда окуя боюнча тергөө-иликтөө иштери уланууда.

Расмий маалымат боюнча, 2011-жылы аскер жайларындагы уруп-согуу боюнча 25 факт катталган. Алардын ичинен 16 окуя боюнча кылмыш иш козголгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG