Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:22

4-майга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү

3-6-майда республиканын тоо этектеринде нөшөргө байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт жана ойдуң жерлерде суу капташы мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

3-майдан 4-майга чейин жаан-чачынга жана күн ысышына байланыштуу Бишкек - Ош жолунун 121-137; 198-265-чакырымдарында кар көчкү коркунучу сакталат. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо керек.

Аба ырайы

4-майда түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар түшөт, күндүз дээрлик жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 17...22,
Талас облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 16...21,
Баткенде түнкүсүн 6...11 күндүз 17..22 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8...13, күндүз 18...23,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 4...9 градус, күндүз 15...20
Нарында түнкүсүн 3...8, күндүз 14..19,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -2...+3, күндүз 9...14,
Тоолордо түнкүсүн -2...-7, ал эми күндүз 0..+3 болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9...11, күндүз 19...21 градус болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG