Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:26

5-майга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү

4-6-майда республиканын тоо этектеринде нөшөргө байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт жана ойдуң жерлерде суу капташы мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Аба ырайы

5-майда дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Баткен жана Жалал-Абаддын айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +22...+27, Талас облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +21...+26, Баткенде түнкүсүн +8...+13, күндүз +20...+25 градус болот. Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10...+15, күндүз +21...+26, Ысык-Көлдө түнкүсүн +5...+10 градус, күндүз +17...+22, Нарында түнкүсүн +3...+8, күндүз +14...+19, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4, күндүз +10...+15. Тоолордо түнкүсүн -3...-8, ал эми күндүз 0..+5 болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12, күндүз 24...26 градус болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG