Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Орусияда кырсыктан кыргызстандык мигрант ажал тапты


3-майда Орусиянын Түштүк Сахалин шаарында курулуштун дубалы урап, 4 кыргызстандыкты басып калды. Урандынын астында калган Азамат Кочкаров аттуу кыргызстандык мигрант каза болуп, Колдошбек Боржоев, Карим Хакимов, Курманбек Азамов аттуу жарандар ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги Түштүк Сахалин шаарынын тергөө комитетинин маалыматына таянып билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, аталган жарандар Түштүк Сахалиндеги курулуштардын биринде эмгектенип жүрүшкөн. 3-майда алар казып жаткан курулуштун ороосундагы дубалдардын бири урап, аталган жарандар урандынын астында калышкан. Жергиликтүү куткаруучулардын жардамы менен 3 кыргызстандык уранды астынан чыгарылып, Азамат Кочкаровду аман алып калууга мүмкүн болгон эмес.

Учурда кырсыктын себептери иликтенүүдө. Тышкы иштер министрлиги болсо кырсыктан каза тапкан жана жабыркагандардын туугандарына кабар берүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG