Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:35

Каирде абал тынчыганы кабарланууда


Ишембиге караган түнү Египеттин аскердик өкмөтү Коргоо министрлигине жакын райондордо комменданттык саат киргизген:

"Куралдуу күчтөрдүн Жогорку кеңеши Аббасия аянтында жана Коргоо министрлигинин айланасындагы бардык көчөлөрдө 4-майда кечки саат 11ден 6-май таңкы саат 7ге чейин комменданттык саат киргизүү чечимин кабыл алды", - деп билдирди кеңештин мүчөсү Мохтар ал-Мулла.

Египет бийлигинин маалыматына караганда, 4-майда коргоо мекемесинин жанында тутанган кагылышта 1 аскер каза болуп, 300гө жакын киши жараланган.

Аскердик башкарууга каршы чыккан демонстранттар имаратты кайтарып турган аскерлерди таш баранга алып, министрликке кирип барууга аракеттенишкен. Аларга каршы жаш агызуучу газ жана суу атмалар колдонулган. 170ке жакын кишини кармап кетишти.

3 жумадан кийин Египетте президенттик шайлоо өтөт. Аскерлер бийликти жаңы шайланган президентке өткөрүп берүүгө убада кылып келатышат.

XS
SM
MD
LG