Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:25

Укук коргоочу парламент менен соттошууда


"Эркиндик үнү" коомдук фондунун өкүлү Жаңыл Сартова менен Жогорку Кеңеш аппаратынын ортосундагы сот иш бүгүн да уланат. Бишкек шаардык соту укук коргоочу айымдын буга чейин район аралык сот чыгарган чечимине карата апелляциялык арызын карайт.

Укук коргоочу парламенттен кайсы депутат, кайсы күнү, эмне себептен жана канча жолу Жогорку Кеңештин жыйынына катышпай, кесиптештерине ал үчүн добуш берип коюу үчүн ишеним кат менен кайрылганы тууралуу маалымат берүүсүн талап кылып жатат.

Жогорку Кеңештен жооп болбогондуктан ал сотко кайрылган. Быйыл 2-мартта Бишкектин район аралык соту парламент мындай маалыматты берип, бирок депутаттардын атын атабашы керек деп чечим чыгарган. Укук коргоочу бул чечимге макул эмес, ал толук маалыматты талап кылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG