«Талаа-түздүн шыбышы» деп аталган белгилүү сүрөт албомунун жаңыланган жана толукталган үчүнчү басылышынын бет ачаары 24-майда Франциянын Саякатчылар коомунда өтөт. Китептин автору Рене Канянын "Азаттыкка" билдиришинче, жыйында былтыркы Памир экспедициясынан сүрөттөр да көрсөтүлөт жана кыргыз уздарынын эмгектери сунушталат.
Борбор Азия тууралуу саякат китептеринин, анын ичинде «Кыргыздын жерлери» деген көлөмдүү фото-албомдун автору Рене Каня «Аралдан Ооганстанга чейин, Борбор Азиянын келечеги» деген темада лекция окуйт. Автор учурда ооган кризиси жөнүндө «Алланын көз жашы» деген китеби басмага даярдалып жаткандыгын кошумчалады.