Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:17

ЕККУ Армениядагы шайлоонун атаандаштык мүнөзүн баалады


Европадагы Коопсуздук жана Кызматташттык уюмунун байкоочулары Армениядагы парламенттик шайлоо жалпы жонунан тынч өткөндүгүн белгилешти. Ошол эле учурда демократиялык жараяндын айрым кемчиликтери добуш берүүнүн жыйынтыгына көлөкө түшүрүп жаткандыгын эскертишти. Аталган уюм бүгүнкү билдирүүсүндө уюм шайлоо өнөктүгүндө жыйын өткөрүү жана өз оюн билдирүү эркиндиктери сыйланса дагы саясий партияларда жана коомдо шайлоого анчейин ишеним болбогонун белгиледи.

Алдын ала эсептөөгө караганда, президент Серж Саркисяндын бийликтеги Республикачыл партиясы добуштардын дээрлик 45 пайызы менен биринчи болуп келди. Бийлик коалициясынын кичи шериги, "Бардар Армения" партиясы 31 пайыз менен экинчи орунду ээледи. Оппозициядагы "Армениянын улуттук конгресси" деп аталган блок парламентке кирүү үчүн зарыл болгон жети пайыздык чектен өтө алды.

XS
SM
MD
LG