Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Меркел Греция менен Францияны келишимдерден тайбоого чакырды


Германиянын канцлери Ангела Меркел Грецияны «катаал финансылык чара көрүү милдеттенмесин» аткарууга чакырды. Канцлер кечээки шайлоодо Грецияда мындай чараларды колдогон эки ири партия парламенттик көпчүлүктөн ажырап калгандан кийин сүйлөдү. Меркел ошондой эле Францияда жаңы шайланган социалист Франсуа Олландды коноктоого куштар экендигин кошумчалады. Олланд ишине 15-майда расмий киришкенден көп өтпөй, Берлинге расмий сапар менен барат деп күтүлүүдө. Бирок Меркел март айында макулдашылган Европа Биримдигиндеги финансылык келишимди кайра карап чыгууга болбойт деди. Социалдык төлөмдөрдү кескин кыскартууну караган бул чараларды Олланд кайра карап чыгууга чакырган. Меркел «Европа үчүн немис-француз кызматташтыгы чечүүчү мааниге ээ» экендигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG