Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

Путинге каршы чыккандарды полиция кармап кетти


Москвада Владимир Путиндин ант берүү аземине каршы чыккан 50 чакты оппозиция тарапкерин полиция кармап кетти. “Азаттыктын” орус кызматынын кабарчысы маалымдагандай, “Кытай шаар” метросунун жанында полиция митингчилерге абдан каардуу мамиле жасады. Бирок акцияга чыккандар полициянын шаштысын алып, улам бир жерде чогулушуп “Мамлекеттик полиция жогол!”, “Таза шайлоо үчүн!” деп кыйкырып турду. Кечке маал полиция ак тасма кармагандардын баарын кармоого өттү.

Москвада жүздөгөн адамдар бир канча күндөн бери Владимир Путинди мыйзамсыз шайланган президент деп атап, түрдүүчө нааразылык акцияларын уюштуруп келатышат.

XS
SM
MD
LG