Борбордук чалгын агенттиги жакында “ал-Каиданын” Йемендеги өнөгүнүн АКШга караштуу учакты жардыруу боюнча кутумун алдын алганын Ак үй ырастады.
Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, бул үчүн даярдалган жардыруучу зат 2009-жылы нигериялык Умар Фарух Абдулмуталлаб ысымдуу жаран Амстредамдан Детрой шаарына багыт алган учактын бортунда жардырууга аракеттенген бомбага окшош.
ФБРдин билдиргенине караганда, алардын алгачкы экспертизасы чет өлкөдөн конфискацияланган бул жардыруучу зат “ал-Каиданын” араб жарым аралындагы түйүнү террордук чабуул жасоо аракеттеринде, анын ичинде учактарды бутага алууда мурда колдонгондорго абдан окшош экендигин көргөзүүдө.
АКШнын коргоо министри Леон Панетта Вашингтондогу басма сөз жыйында бул жаңылыкты комментарийлеп, мындай деди:
- Кошмо Штаттар “ал-Каиданын” АКШ кол салууга аракеттенген согушкер же террорчу өнөктөрүнүн сары изине түшүү үчүн бир катар операцияларды жүргүзүүдө. Бул инцидент өлкө ага кол салгысы келгендер боюнча кыраакылыкты улантуусу керектигин ачыктады.
Ак үйдүн өкүлү Кейтлин Хайдендин айтымында, “ал-Каиданын” алдын алынган кутуму тууралуу президент Барак Обамага апрель айында маалымат берилген. (UE)