Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:16

Ат үй жаныбары катары эң алгач Батыш Евразия талааларында үйрөтүлгөн


Британиялык окумуштуулардын иликтөөсүндө кыргыз жылкысынын да генетикалык үлгүсү алынган.
Британиялык окумуштуулардын иликтөөсүндө кыргыз жылкысынын да генетикалык үлгүсү алынган.
Ат үй жаныбары катары азыр Казакстанды, Орусиянын түштүк-батышын, Украинанын аймагын камтыган Евразия талааларында эң биринчи үйрөтүлгөн деген тыянакка Чыгыш Европа менен Борбор Азиянын аттарын иликтеген британ окумуштууларынын тобу келди.

Алардын он алты жылга созулган иликтөөсүнүн жүрүшүндө Орусия, Кытай, Украина, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Литвадан үч жүздөн ашуун аттын генетикалык, ошондой эле жал кылынын үлгүлөрү алынган.

Британ окумуштуулары азыркы аттардын ДНКсынын абдан эле ар башкалыгын кезинде үйдө кармалган жылкылар менен Евразия талааларында жашаган койчулар алып келген жапайы жылкылардын такай аргындашып турганы менен түшүндүрөт.

Бул иликтөөнүн жыйынтыгы ушул дүйшөмбүдө Британиянын Улуттук илимдер академиясынын эмгектеринде жарыяланды. (UE)

XS
SM
MD
LG