Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Жалал-Абадда согуш ардагерлерине сый тамак берилди


Жалал-Абад шаардык мэриясы бүгүн уюштурган сый тамакка Дүйнөлүк экинчи согуштун жана ооруктун 64 ардагери катышып, алардын ар бирине миң сомдон акча жана 500 сомдук азык-түлүк салынган баштык таркатылды.

Учурда шаарда согуштун 25 катышуучусу, 6 майыбы, күйөөсү согушта каза тапкан бир жесир байбиче, концлагерде болгон эки байбиче жана оорукта иштеген 30 киши жашайт.

Согушка Жалал-Абад шаарынан 10 миң адам жиберилип, алардын
4976сы фронттон кайтпай калган. Шаардын алты тургунуна Советтер
Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Эртең шаардагы Жеңиш паркында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына тургузулган эстеликке гүлчамбар коюлуп, согуш ардагерлерине аскердик ботко менен жүз граммдан арак берилээрин мэриянын маалымат катчысы Мейманбү Акжолова билдирди. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG