Бишкек - Исфана - Бишкек аба каттамы бүгүнтөн тарта калыбына келет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Avia Traffic компаниясынан тастыкташты. Эми Исфанага ВАе-146 үлгүсүндөгү учак жумасына бир жолу каттайт. Жаңы жылдан бери алганда биринчи каттам бүгүн саат 11:40та учат.
Буга чейин Ан-24 үлгүсүндөгү учактар Кыргызстандагы бир нече аба каттамдарынан алынып, Бишкек - Исфана - Бишкек, Бишкек - Баткен - Бишкек жана Бишкек - Жалал-Абад - Бишкек каттамдары боюнча гана учуп жаткан болчу. Коопсуздук талаптарына жооп бербей калгандыктан, кыргыз өкмөтү 1-январдан тартып Ан-24 үлгүсүндөгү учактарды өлкө аймагында пайдаланууга тыюу салган. (КЕ)