Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:00

Бүгүн кыргыз сомунун күнү


Мурдагы Совет биримдигиндеги республикалардын ичинен Кыргызстан көз каранды эмес мамлекет болуп бөлүнгөндөн кийин, КМШда биринчилерден болуп 1993-жылы 10-майда өзүнүн улуттук валютасын-сомду жүгүртүүгө киргизген. Ошол учурда Кыргызстан гиперинфляцияга учурабай, экономикалык өз алдынчалыгын сактап, көз каранды эмес акча-кредит саясатын жүргүзө алган. 1997-жылы, 2002-жылы эки ирет сомдун коргонуу белгилери бекемделген. 200, 500, 1000 сомдук банкноттор жүгүртүүгө 2000-жылы киргизилген. 2010-жылдан баштап 5000 сомдук банкнот жүгүртүүгө киргизилди.

1993-жылы 1 сомдун наркы 25 АКШ центине барабар болсо, ушул тапта сомдун АКШ долларына карата катышы 47 сомдун тегерегинде. (КЕ)

XS
SM
MD
LG