Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

Индонезиядагы авиакырсыктан эч ким аман калган эмес


Индонезияда кыйраган учак.
Индонезияда кыйраган учак.
Индонезиянын куткаруу жана издөө агенттигинин расмий өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, кечээ кыйраган учактын ичиндеги адамдардын сөөгү бүгүн өлкө борборунун батыш ыптасындагы тоолуу аймактан табылды. Учак кыйраган жерге тез жетүүгө жер шартынын катаалдыгы тоскоолдук кылууда.

Учак кыйраган аймак.
Учак кыйраган аймак.
Орусияда жасалган Sukhoi Superjet -100 учагы кечээ Жакартанын аэропортунан көтөрүлгөндөн 21 мүнөттөн кийин радардан жоголуп кеткен.

Учактын бортунда 45 адам, көбүнесе индонезиялыктар жана орусиялык экипаж мүчөлөрү болгон. Кыйроонун себептери белгисиз.

Орусиялык өндүрүштөгү Sukhoi Superjet-100 учагы Индонезияга аны сатып алгысы келгендер үчүн көргөзмө учууларга барган. Индонезияга чейин Казакстанда, Пакистанда, Бирмада токтогон. (UE)

XS
SM
MD
LG