Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Сирия: жардыруудан мерт кеткендердин саны 55ке жетти


Алардан тышкары, соңку маалыматтарга караганда, 370тен ашуун киши жаракат алды.

Улуттар уюму менен Араб лигасынын Сирия боюнча чабарманы Кофи Аннан кан төгүүнү айыптап, тараптардын баарын ок атышууну токтотуу боюнча утур-утур бузулуп жаткан макулдашууну сактоого үндөдү.

Сириянын мамлекеттик сыналгысы борбор Дамаскта эртең менен болгон кош жардырууну “террордук чабуул” деп мүнөздөдү.

Ал эми оппозициядагы Сирия Улуттук кеңеши бул жардыруулар үчүн президент Башар Асаддын режимин күнөөлөдү. Бул топтун пикиринде, режим БУУнун байкоочуларын коркутууну жана эл аралык коомчулукту “террорчулар” менен күрөшүп жатканына ынандырууну көздөөдө.

Кабарларга караганда, машине айдаган жанкечтилер жасаган жардыруулардын кеминде бири Сириянын аскерий чалгын кызматынын базасын бутага алган.

Сирияда президент Башар Асаддын режимине каршы козголоң башталганына 14 айга аяк басып калды. (UE)

XS
SM
MD
LG