Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Меркел: Украина менен Беларуста диктатура доору сүрүп жатат


Германиянын канцлери Ангела Меркел Бундестагда депутаттардын алдында сүйлөп жатып, "украин жана беларус калкы диктатура менен репрессия доорунда жашап жатканын" айтты. Бул билдирүү европалык саясатчылардын украин бийлигинен жети жылга эркинен ажыратылган мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенконун дарыланууга уруксат талап кылып жаткан мезгилине туш келди. Азыр Тимошенко Украинада немис дарыгеринин көзөмөлүндө. Германия канцлери Ангела Меркел буга чейин украин бийлигин Тимошенкого болгон кысымды токтотууга чакырып, көп өтпөй Украинада өтчү футбол боюнча Европа чемпионатына да бойкот жарыяларын билдирген.

XS
SM
MD
LG