Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Мектепке барчулар үчүн укуктук акция башталды


Балдардын укугун коргоочулар лигасы “Менин баламды мектепке кабыл алгыла!” акциясын баштады. Баласын быйыл мектепке берип жаткан ата-энелер балдарынын билим алууга кандай укуктары бар экенин билүү үчүн укук коргоочуларга кайрыла алышат.

Бирдей кийим кийип, акча төлөп, тесттен өтүүгө милдеттүбү же жокпу деген суроолорго жооп берилет.

Акциянын уюштуруучусу Айзат Көкүлованын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, былтыр бул иш-чаранын алкагында 72 арыз түшкөн, 500дөй ата-эне телефондон кайрылган.

Быйыл мындай акция төртүнчү жолу өтүп жатат. Бирок Кыргызстанда, айрыкча Бишкекте жогоруда аталгандай көрүнүштөр дагы эле көп катталууда. (RK)

XS
SM
MD
LG