Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:55

Ошто майыптарга үй берилди


Бүгүн Ош шаарындагы көзү азиздер жана дүлөйлөр үчүн курулган көп кабаттуу үй пайдаланууга берилип, 45 үй-бүлө турак-жайлуу болушту. Батирлердин он беши үч бөлмөлүү, он беши эки жана он беши бир бөлмөлүү.

Кыргызстандагы көзү азиздер жана дүлөйлөр коомунун президенти Калык Мамбетакуновдун айтымында, батирлер үй-бүлө санына жана өтөгөн эмгегине жараша бөлүштүрүлгөн. Үйдүн жертөлө бөлүгүндө спорттук зал, китепкана жана чачтарач ачылат.

Өткөн жылдын апрелинде курулушу башталган үйгө шаар бийлиги жер тилкесин бөлүп берип, аны Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция курган.

Ош облусунда 1300 көзү азиз жана дүлөй жаран бар. Алардын дагы эки жүзгө жакыны турак-жайга муктаж экени айтылууда. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG