Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:45

Лукашенко ички иштер министрин кызматтан алды


Беларус президенти Александр Лукашенко ички иштер министрин кызматтан алды. Президенттин маалымат кызматынын кабарына ылайык, Анатолий Куляшовду анын орун басары алмаштырды. Кызматтан алуунун себептери айтылган жок.

Куляшов ички мекемени жетектөөгө 2009-жылы дайындалган. Анын ысымы Европа биримдигинин кара тизмесине киргизилген. Биримдиктин санкциялары адам укуктарын одоно бузуп жаткан Лукашенко режимин жазалоону көздөйт. Бирок жакында министрге Франциянын Лион шаарында Интерполдун жыйынына катышуу уруксаты берилген.

Куляшов министр болуп турган кезде, 2010-жылдын декабрь айында президенттик шайлоодон кийин болгон оппозициянын акцияларын күч менен басып, Лукашенконун оппоненттерин куугунтуктаганы маалымдалган.

XS
SM
MD
LG