Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:32

Аба ырайы: Шашылыш билдирүү


Аба ырайын маалымдоочу борбордун кабарлашынча, 12-майдан 14-майга чейин республиканын тоо этектеринде нөшөрлөгөн жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт. Ойдуң жерлерди суу капташы мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

13-майда Кыргызстанда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 8...13, күндүзү 20...25 градус ысыйт. Талас облусунда түнкүсүн 8...13, күндүзү 16...21 градус. Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5 градустан 13 градуска чейин, күндүзү 18... 24 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн 6...12, күндүзү 12...17 градус ысык болот. Тоолордо түнкүсүн -1...-6, күндүзү 0...5 градус.

Бишкекте кыска жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түндө 10...12 градус, күндүз 22...24 градус ысык болот.

XS
SM
MD
LG