Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Сауд Аравия: аялдардын эркиндигине каршы кызматкер ишсиз калды


Падыша Абдулла анын аялдардын укуктары боюнча реформаларын сындап чыккан кеңешчиси Абдул-Мохсен ал-Обейкан шейхти иштен алгандыгы кабарланды. Аталган шейх радиодо "аялдарды аларга жаратылыш ыйгарган ордунан козгоо менен өлкөнүн мыйзамдарын батыштык чен-өлчөмдөргө ылайыкташтыруу туура эмес болот" деп айткан.

Аялдарга шайлоо укугун берип, 2015-жылдан баштап алардын жергиликтүү шайлоолорго талапкердигин коюшуна жол ачкан падыша көптөгөн консерватор молдолордун кыжырына тийди.

Аялдарга машина айдоого, эркек тууганы, же күйөөсү жок коомдук жерде жүрүшүнө тыюу салынган Сауд Аравия аялдарга карата эң репрессивдүү мамлекеттердин катарында кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG