Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт


Аба ырайын маалымдоочу борбордун кабарлашынча, 14-майга чейин республиканын тоо этектеринде нөшөрлөгөн жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт. Ойдуң жерлерди суу капташы мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

14-майда Кыргызстандын айрым аймактарында кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 8...13, күндүзү 21…26 градус ысыйт. Талас облусунда түнкүсүн 7…12, күндүзү 18…23 градус, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүзү 20…25 градуска чейин көтөрүлөт. Баткенде түнкүсүн 5…10, күндүзү 18…23 градус, Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11, күндүзү 17…22 градус, Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүзү 17…22 градус жылуу болот. Тоолордо түнкүсүн -2…-7, күндүзү 0...5 градус.

Бишкекте кыска жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түндө 11…13 градус, күндүз 23…25 градус ысык болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG