Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:52

Мерт кеткен мигранттардын үй-бүлөсүнө өкмөт акча бөлдү


Орусияга иштегени баратып Казакстандын Карагандасынан жол кырсыгына кабылган мигранттардын үй-бүлөсүнө өкмөт акчалай жардам бөлдү. Бул боюнча токтом бүгүн өкмөттүн интернеттеги сайтына жарыяланды. Мерт кеткен 16 адамдын ар бири үчүн жана жараат алган экөөнүн ар бирине 50 миң сомдон берилди. Жалпысынан 900 миң сом бөлүндү.

Кырсыкка кабылгандардын баары жолго Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы Чарбак айылынан чыгышкан болчу. Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукуловдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, жараат алган экөө дагы эле Балхаш облустук ооруканасында жатат. Анын айтымында, Рыспек уулу Мухрадендин абалы жакшы ал эми Гулбодан Султанованын абалы оор болгондуктан ал реанимацияда жатат.

"Жабыркагандарга өкмөт эсебинен ар биринин жакындарына 50 миң сомдон, Жогорку Кеңештен деп 5 миң сомдон жардам таркатылды", - дейт Эркин Турдукулов. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG