Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:39

Түгөлбай Сыдыкбековго арналган мемориалдык такта ачылды


Бүгүн Бишкекте залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун 100 жылдыгынын урматына мемориалдык такта ачылды. Иш-чарага өкмөттүн, коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Кыргыз эл баатыры, Кыргыз эл жазуучусу, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, академик Түгөлбай Сыдыкбеков 1912-жылдын 14-майында көлдүн Түп районунда туулган. «Күрөш» деген алгачкы жыйнагы 1933-жылы жарык көргөн. Жазуучу атактуу “Биздин замандын кишилери”, “Зайыптар”, “Тоо балдары”, “Тоо арасында”, “Көк асаба” романдарынын автору. Сыдыкбеков «Манас» эпосун изилдөөгө жана басып чыгарууга көрүнүктүү салым кошкон. Орус классиктеринин чыгармаларын кыргызчага которгон.

Жазуучунун бир кылымдык юбилейине арнап өкмөт «Кыргыз адабиятынын патриархы, улуу калемгер, XX кылымдын Бакайы» темасында илимий-практикалык конференция, китеп-сүрөт көргөзмө уюштуруп, салтанаттуу жыйын өткөргөнү жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG