Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы "Альфа Телеком" компаниясы (MegaCom уюлдук компаниясы) боюнча жаңы кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу бүгүн УКМК билдирди. 2011-жылы "Альфа Телекомдун" башкы директорунун милдетин аткарып турганда Алмаз Абеков кытайлык ZTE компаниясы менен келишим түзүп, 6 миллион долларды өзүнө алгысы келген деген айып тагылууда. Тергөө башталды.
MegaCom уюлдук компаниясы боюнча буга чейин да кылмыш иш козголгон. Иликтөө аяктай элек. Кылмышка шектүү делген үч жетекчи тергөө абагында жатат. Алар өзүлөрүн күнөөлүү эмеспиз деп келатышат. Ал эми 11-майда жаңыдан козголгон кылмыш иш боюнча аталган компания азырынча комментарий бере элек. (RK)