Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

Банк кутучуларындагы "купуя" кайра иликтенет


Парламент комитети Башкы прокуратуранын 7-апрелден кийин төрт банктын уячаларынан алынган акча боюнча ишти иликтөөсүнө канааттанган жок.

Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитети бул ишти 14-майда карап, Башкы прокуратурага кайрадан ишти иликтөөгө мөөнөт берди жана парламенттин атайын жумушчу тобу менен биргеликте кызматташуу чечимин кабыл алды.

Иликтөө жүрдү, бирок илинчек жок

Башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Жээналиев парламенттин бюджет жана каржы комитетинде 2010-жылы 7-апрелден кийин банк уячаларынан алынган акча каражаттары боюнча иликтөө ишинин жыйынтыгын билдирди. Бирок ал мурдатан бери эле белгилүү маалыматтардын алкагында гана айланчыктап, буга чейин коомчулуктун бүйүрүн кызыткан жагдайларды ачып бере алган жок.

Айрыкча мурда банк уячаларынан алынган каражаттын суммасы 21 миллион доллар эмес, жүз миллиондун айланасында деген маалымат тараган болчу. Бирок башкы прокуратура ага тиешелүү далилдерди таба алган эмес.

Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков жагдайлар кылдат иликтенбегенин айтып, бирок ага байланыштуу жагдайлар ачыктала турган мезгил алыс эмес экенине токтолду:

- Бекеринен эл арасында биздин 1-2 жаран Лондондо бирден чоң үй алыптыр деген сөз тараган жок да. Анын бардыгынын бети ачылат. Анан мага 100 миллиондон ашуун доллар боюнча сурак берип койуңуз депсиңер. Болот ал дагы. Чыгат жакында мына ошонун бардыгы. Ким канча акча алганы ошол жерден чыгат. Анан жанагы майда-барат акчаны июнь айында коопсуздукка деген шылтоо менен ортодо бөлүштүрүп койгону жөн эле чекеси болуп калат.

Жумшалган акчанын дайыны кайда?

Банк кутучуларынан алынган каражаттын тагдырын атайын депутаттык жумушчу топ да иликтөөгө алган. Бирок ал топ дагы буга чейин айтылган фактылардан башка жаңы жагдайларды таап чыга алган эмес. Жумушчу топтун мүчөлөрү муну тиешелүү далилдерди тастыктоочу документтерди алуунун кыйынчылыгы менен байланыштырды.

Депутаттык жумушчу топтун жетекчиси Надира Нарматова ички иштер, коопсуздук жана коргоо түзүмдөрүнө берилген каражаттын негиздүүлүгү боюнча ынандырарлык жооптор болбогонун айтты:

- Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук комитети жана Коргоо министрлиги кандай негизде мына ошол акча каражаттарын алганы белгисиз. Биринчиден, алардын ошол учурда бекитилип берилген бюджеттик каражаттары бар болчу. Экинчиден, алар мына ошол июнь окуялары бүтүп, тынчтык өкүм сүрүп калган учурда деле алып жатышпайбы. Анан ошончо акчаны алып алышып кайда иштетиңер деп берген сурообузга ынандыраарлык жооп алалган жокпуз. Башкы прокуратура мына ошол каражаттын сарпталышы боюнча өзүнчө иликтөө кылыш керек болчу.

Парламенттин бюджет жана каржы комитетинин мүчөлөрү Башкы прокуратура аталган иште бир катар шектүү жагдайлар болгондугуна карабастан кандайдыр бир илинчектерди таба албагандыгын сынга алышты. Айрыкча аталган банктардагы видео байкагычтардын эстутумунун уурдалып кетиши жана ага жооптуу кызматкерлердин жоопкерчиликке тартылбашы күмөн саноолорду жаратты.

Башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Жээналиев депутаттардын буга окшогон суроолоруна кыйынчылык менен жооп берип жатты:

- Биз кимдир бирөөлөрдү дзот болуп коргоп жаткан жокпуз. Биздин колдо бар документтердин жана далилдердин негизинде гана сүйлөп жатабыз. Анан башка жакта мындай экен, тигиндей экен дей бергенде болбойт го. Биз деле интернеттен, гезиттерден ошол боюнча окуп жатабыз. Бирок ага далил жок болуп жатпайбы. Мына ошондуктан биз башкача иш алып бара албайт экенбиз.

Терең сыр каткан тергөөчүлөр

Бирок Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова банк кутучуларын ачууга катышкан тергөөчүлөр буга байланыштуу бардык сырды билерин айтып, прокуратура органдары өздөрү маалыматты жашырып-жаап жатат деп айыптады:

- Силердин тергөөчүлөр мына ошол каражатты банк кутучаларынан алууга катышкан. Демек мына ошолор иштин төркүнүн жакшы билишет. Силерде бул боюнча көп маалымат бар. Бирок анын бардыгын ачпай жатасыңар. Силер мына ошону аягына чыгарабыз деп тергеп жаткандан кийин тактап туруп, тергөө жүргүзсөңөр белгилүү болот болчу.

Белгилей кетүүчү жагдай, банк кутучаларынан алынган акча боюнча Бишкек шаарынын ошол кездеги прокурору Абылов, тергөөчүлөр Хегай менен Намазалиевге кылмыш иши козголуп, бирок жакында сот аларды аракеттеринде кылмыштын курамы жок деген негиз менен актаган чечим кабыл алган болчу.

Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети бул боюнча маселени кароону кийинкиге калтырды. Ага чейин банк кутучуларына байланыштуу жагдайларды иликтөөнү күчөтүү үчүн көз каранды эмес эксперттерди тартуу сунушу колдоого алынды. Ал эми Башкы прокуратуранын иликтөө иши канааттандырарлык эмес деп табылып, иликтөөнү кайрадан улантууга убакыт берилди.
XS
SM
MD
LG