Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Путин бүгүн Москвада КМШ лидерлерин тосууда


Кремлдин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, бүгүн Москвада эки саммит өткөнү жатат. Адегенде Жамааттык коопсуздук келишими уюмунунун бүгүнкү мааракелик сессиясына ага мүчө Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Беларус, Армения, Тажикстан президенттери түгөл катышат.

Бүгүнкү жыйын 1992-жылдын 15-майында Жамааттык коопсуздук келишимине кол коюлганынын жыйырма, анын базасында ЖККУ түзүлгөнүнүн он жылдыгынын урматына өтүп, анын соңунан мамлекет башчылары декларация кабыл алары күтүлүүдө.

Москвада бүгүн ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн бейформал саммити да болот. Кремлдин басма сөз кызматы белгилегендей, саммитте негизги көңүл КМШ мейкиндигинде экономикалык интеграцияны тереңдетүүгө бурулат.

Эски совет республикаларынын бүгүнкү жыйындары Орусия президентинин кызматына кайрадан Владимир Путин киришкенинин артынан өтүүдө. (UE)
XS
SM
MD
LG