Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:37

Кыргыз-азери кызматташтык маселеси талкууланды


Москвада президент Алмазбек Атамбаев Азербайжан президенти Ильхам Алиев менен жолугуп эки тараптуу кызматташтык маселесин талкуулады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Азери тарап Кыргызстанда кура турган мунай иштетүүчү завод боюнча жумушчу топтун курамына Казакстандын өкүлү да кире турган болгонун Атамбаев айтты.

Бир жарым ай мурда Атамбаев Бакыга расмий сапар менен барган. Азери өкмөтү Кыргызстанга мунай иштетүүчү завод куруп, чийки зат жиберип туруу планы бар экенин билдирген.

15-майда Атамбаев менен Алиев башка КМШ президенттери менен чогуу ЖККУ жана КМШ жыйындарына катышуу үчүн барган. (RK)

XS
SM
MD
LG