Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Орусиядагы кыргыз мигранттарынын абалы талкууланды


Москвада Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын Федералдык миграция кызматынын жетекчиси Константин Ромодановский менен жолукту. Орусияда иштеп жаткан кыргыз эмгек мигранттарынын шартын жеңилдетүү боюнча иш-пландар талкууланды. Казакбаев Кыргызстанда орус тилин үйрөтүп, Орусиянын тарыхын жана маданиятын окутуучу борборлорду ачуу зарыл экенин айтып, кыргызстандыктарды орусчага үйрөтүү үчүн Орусиядан адистерди жөнөтүүнү өтүндү. Орусияда мигранттарды тейлөө борборун ачуу, нормативдик-укуктук базаны өзгөртүү боюнча да пикир алмашуу болду. Бейрасмий маалымат боюнча, Орусияда 800 миндей кыргызстандык иштеп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG