Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга жардамын улантат


Дүйнөлүк банк Кыргызстанда жүрүп жаткан позитивдүү өзгөрүүлөрдү колдойт жана мындан ары да жардамын уланта берет. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте президент Алмазбек Атамбаев менен жолуккан Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Филипп Ле Уэру билдирди.

Филипп Ле Уэру Дүйнөлүк банк Кыргызстанда жеке секторду өнүктүрүү боюнча кыска жана орто мөөнөттүү стратегияны иштеп чыгууга техникалык жардам берээрин 15-майда айткан.

Дүйнөлүк банктын адистери Кыргызстандын экономикасы боюнча атайын изилдөө жүргүзүп, өлкө алтын корунан, чет жакта иштеген эмгек мигранттары жиберген акчадан жана тышкы рыноктордон көз каранды деген жайынтыкка келишкен. Экономиканын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн өндүрүштү бекемдөө керек экени айтылган.

Филипп Ле Уэру Бишкекке иш сапар менен 15-майда келген. (RK)

XS
SM
MD
LG