Ирандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Рамин Мехманпараст "Гугл" Мэпста Перс булуңу деген аталыш кайра пайда болбосо, компания олуттуу проблемаларга туш болот деп эскертти. Интернеттеги эң ири издөө системасында Иран менен Араб жарым аралын бөлгөн кысык аталышсыз жайгаштырылган. Аны жалпы эл Перс булуңу деп атаса, кээ бир араб өлкөлөрү Араб булуңу дешет. Ирандыктар болсо бул маселеге өтө дыккат мамиле кылышат.