Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:18

"Дастан" боюнча маселе бир айда чечилет


"Дастан" заводу боюнча Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы маселени бир айдын ичинде чечүү тууралуу чечим Москвада кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен орус өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведевдин жолугушуусунда кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлайт.

2009-жылкы макулдашууда Орусия Кыргызстандын карызын кечүү үчүн заводдун акцияларынын 48 пайызын жана Бишкектеги соода үйүнүн имаратын алууга макул болгон. Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев март айында Москвага барганда Орусиянын жетекчилиги карыздын ордуна “Дастан” заводунун 75 пайыздан кем эмес акциясын алуу ниетин билдирген. Буга кыргыз тарап макул болбой, мурдагы келишимдин аткарылышын талап кылып келет. (RK/KKs)

XS
SM
MD
LG