Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:58

"Чоң сегиздиктин" жыйынында Еврозонадагы кризис талкууланат

АКШ президентинин Кэмп-Дэвиддеги резиденциясында жума күнү кечинде башталчу эки күндүк жыйында дүйнөлүк экономикадагы – анын ичинде Евроаймактагы кырдаал талкууланат.

Британиянын премьери Дэвид Кэмерон жыйынды утурлай, эгерде “Еврозона бирикпесе, ал чачырайт” – деген көз карашын кайталап, чоң коркунуч алдыда турганын эскертти.

Президент Барак Обама Британия, Канада, Франция, Германия, Италия жана Жапониянын лидерлери менен кезигет. Орусиядан бул саммитке жаңы дайындалган премьер-министр Медведев катышат.

Дүйнөлүк лидерлер глобалдык коопсуздук, Сириядагы абал менен Ирандын өзөктүк программасын дагы талкуулашат.
XS
SM
MD
LG