Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:43

Жалал-Абадда сел жолду жууп кетти


Жалал-Абаддын Аксы районунда бүгүн сел жүрдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди.

Катуу жааган жамгыр Кербен-Кара Жыгач - Сары-Челек унаа жолунун бир нече участкасын жууп кетти. Ошондой эле ички чарбалык арыктар жана ички чарбалык жолдор да жарактан чыккан.

Бекилов дем алыш күн болгондуктан эс алууга баргандардын көпчүлүгү жолдор жарактан чыкканынан улам үйлөрүнө кайта албай жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG