Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:52

Чэн Гуанчэн үй-бүлөсү менен АКШга жөнөп кетти


Бул кабарды АКШнын Мамлекеттик департаменти ырастады. Билдирүүдө айтылгандай, кытайлык көзү азиз диссидент-укук коргоочу Чен Гуанчэн жубайы жана эки баласын ээрчитип, бүгүн АКШга жөнөгөн учакка отурду. Ал жакта укук коргоочу университетте окуй алат.

Бүгүн эрте менен ал телефон аркылуу журналисттерге Бейжиндеги аэропорттон сүйлөгөн эле. Бирок Чен отурушу керек болгон учакта журналисттер ал көрүнбөгөнүн айтышкан.

Чэн Гуанчэн үй камагынан качып, бир нече күн АКШнын элчилигинде баш калкалап жаткан. Кытайдын көзү азиз бул укук коргоочусу Шаньдун провинциясынын тургундарынын укугун коргоочу катары белгилүү болгон. Ал Кытай бийликтери төрөттүн санын кыскартыш үчүн аялдарды күчтөп жатынын алдыртышканын, аборт кылдырышканын ачыкка чыгарган эле. Бийликтер аны бир нече жылга түрмөдө да кармашканы белгилүү.

XS
SM
MD
LG