Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:17

MegaCom боюнча айыпталуучу ачкачылык жарыялады


"Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун (MegaCom уюлдук компаниясы) башкы директорунун кеңешчиси Алмазбек Абеков бүгүнтөн тарта ачкачылык жарыялады. Абековдун адвокаты Икрамидин Айткуловдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, айыпталуучу ага карата козголгон кылмыш ишин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет эмес, башка түзүм тергешин талап кылууда.

"Абеков УКМКнын Коррупцияга каршы кызмат башчысы Бектен Сыдыгалиевди жазалоону талап кылып жатат. Себеби ал парламентке туура эмес маалымат берип, Абековду жөнү жок айыптады. УКМКнын кызматкерлери Абековду Мурзалиевге каршы көрсөтмө бер деп, антпесе коңшу камерага анын жубайын камап коюшаарын айтып жатышат. Балдарына карата да коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатат", - дейт Айткулов.

УКМК «Альфа Телеком» башкы директору Азамат Мурзалиев, жоопкерчилиги чектелген “Новострой Сервис” коомунун башчысы Аман уулу Кенжебек жана “Альфа Телекомдун” башкы директорунун кеңешчиси Алмазбек Абековду ушул жылдын январ айында камаган. Аларга 49 пайыздык үлүшү мамлекетке караган «Альфа Телеком» ишканаcына 142 миллион сомдон ашык зыян келтирди деген айып тагылган. Учурда алар УКМКнын тергөө абагында кармалып турат.

Жакында эле УКМКнын алдындагы коррупцияга каршы кызмат 2011-жылы ишкананын ошол кездеги жетекчиси Алмазбек Абеков 6 миллион долларлык каражатты өөнөп алып, оффшордук аймакка чыгарып кеткенин кошумча жарыя кылды. Абековдун адвокаты болсо мындай маалыматты четке кагып, аны “Альфа Телекомдун” мурдагы жетекчилерин камакта кармап туруу аракети катары баалап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG