Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Жол кире кымбатташына нааразылар пикетке чыкты


Бүгүн Бишкек мэриясынын алдында жол киренин кымбатташына нааразылар пикетке чыкты. Жүздөй кишинин көбүн шаарда окуган студенттер түздү. Алар жол киренин кымбатташы акча жагынан оорчулук пайда кылып жатканын, коомдук унаанын жол акысы кымбаттаганы менен шарты ошол бойдон калганын айтып, нааразылык билдиришти. Шаар кеңеш жетекчилиги жол кире кымбаттаганы менен студенттер үчүн атайын билеттин баасы ошо бойдон эле калганын, 490 сомдон экенин айтты.

Шаар кеңештин чечими менен 1-майда Бишкекте жол кире 2-3 сомго кымбаттаган.

Нааразылык акция эми 24-майда уланмай болду. (MiT/RK)

XS
SM
MD
LG